USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Бишкекте № 57 жаңы автобус каттамы ишке кирди

12:26, 09 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүндөн тарта Бишкекте № 57 жаңы автобус каттамы каттай баштады. Ал «Тунгуч-2» кичи районун тейлейт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдирди.

Муниципалитеттин маалыматы боюнча, линияга «Yutong» маркасындагы 10 автобус чыкты. Алар Анкара, Ауэзов, Абдрахманов көчөлөрү жана Чүй проспектиси аркылуу айланма багыт боюнча жүрүшөт.

1791524581481-656b7969-0f93-4966-8d0c-42ea18abc96b-f71deacf-6038-4956-817e-ba3788d4a70djpg-optimized.webp

Шаардык бийлик өкүлдөрү каттамды ишке киргизүү кичи райондун жана чектеш аймактардын тургундарын транспорттук тейлөөнү жакшыртууга багытталганын белгилешти.

Каттамга чыгар алдында автобустар техникалык кароодон, ал эми айдоочулар медициналык кароодон өтүшөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18