USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Бишкек мэриясында мыйзам бузуулар боюнча 44 материал иликтенүүдө

11:05, 28 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев муниципалдык кызматтардын ишмердүүлүгүндөгү болгон мыйзам бузууларды иликтөөнү жана күнөөлүү кызматкерлерге карата кадрдык чараларды көрүүнү тапшырды. Бул тууралуу муниципалитетинен билдиришти.

Пландык кеңешмеде жолдорду жана тротуарларды оңдоо, коомдук транспорттун акыркы аялдамаларынын жана балдар аянтчаларынын абалы талкууланып, муниципалдык кызматтардын ишинин сапары жана мэрдин тапшырмаларынын аткарылышы каралды.

Шаардык бийликтин маалыматы боюнча, учурда муниципалитеттин жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн кызмат адамдарына карата 44 материал иликтенүүдө.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт.

Айбек Жунушалиев жеке ишкерден муниципалдык администрациянын кызматкерине 5 миң сом которулган учурга өзгөчө көңүл бурду. Мэр кызматтык иликтөө жүргүзүүнү, бардык тиешеси бар адамдарды аныктоону жана акча алган кызматкерди жумуштан бошотуу маселесин кошкондо, кадрдык чечимдерди кабыл алууну тапшырды.

Блок YouTube

Шаар башчысы шаар тургундарын мэриянын жана муниципалдык кызматтардын кызматкерлеринин тарабынан мүмкүн болгон мыйзам бузуулардын конкреттүү жана катталган фактылары тууралуу кабарлоого чакырды. Ал мындай кайрылууларды жеке өзү карап чыгууга жана аларга ыкчам чара көрүүгө даяр экенин билдирди.

Болуп жаткан мыйзам бузуулар тууралуу төмөнкү телефондор аркылуу кабарлоого болот:

  • 0312979195, ички номери 0603;
  • 0312979195, ички номери 0602.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18