USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

«Бишкек Аренанын» ачылышына 60 миңден ашык көрүүчү катышты

10:02, 06 октября 2026, Бишкек - 24.kg

«Бишкек Арена» стадионунун расмий ачылыш аземине 60 миңден ашык көрүүчү келгенин борбор калаанын Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Стадиондун аймагында жана ага чектеш тилкелерде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн 5 миңге чукул милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышты.

Блок YouTube

ИИББдин маалыматы боюнча, иш-чара тынч жана коопсуз өтүп, олуттуу мыйзам бузуулар катталган жок.

Милиция борбордун тургундарына жана конокторуна түшүнүү менен мамиле кылганы, сабырдуулугу жана коопсуздук эрежелерин сактаганы үчүн ыраазычылык билдирди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18