Баланы куткарып калган. Бекен Асанбеков эрдиги үчүн сыйланды
Социалдык тармактардын сууга кулап түшкөн балага жардамга келип, кайдыгер эместигин жана эрдигин көрсөткөн борбор калаанын тургуну тартылган видеожазуу кеңири тарады.
Эркек кишинин өз убагындагы чечкиндүү аракеттеринин аркасында бала куткарылып калган.
көрсөткөн эрдиги, жан аябастыгы жана жигердүү жарандык позициясы үчүн Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгы борбордун тургуну Бекен Асанбековго ыраазычылык билдирип, ыраазычылык катын тапшырды.

Бул аракет — жарандык жоопкерчиликтин, адамгерчиликтин жана кыйынчылыкка кабылгандарга жардамга келүүгө даярдыктын жаркын үлгүсү. Мындай аракеттер өзгөчө урматтооого татыктуу жана бүткүл коом үчүн, өзгөчө өсүп келе жаткан муун үчүн татыктуу үлгү болуп саналат.
Бишкек шаардык ИИББ жарандарды айланасында болуп жаткан окуяларга кайдыгер карабоого, бири-бирине жардам берүүгө, айланасындагылардын коопсуздугу үчүн кам көрүүгө жана жоопкерчиликтүү болууга чакырды. Ошол эле учурда, өзгөчө кырдаалдарда биринчи кезекте өз коопсуздугу үчүн тобокелчиликтерди баалап, токтоосуз түрдө өзгөчө кырдаалдар кызматтарына кайрылуу зарылдыгы эскертилди.