USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

«АгроТехЭкспо» жана «Алтын күз» көргөзмөсү: Бишкектин борборунда кыймыл чектелет

11:44, 16 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкекте 21-октябрдан 25-октябрга чейин Турдакун Усубалиев атындагы аянттын районундагы бир нече көчөлөрдө транспорт кыймылы убактылуу чектелинет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди.

так.png

  Унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизиле турчу көчөлөр:

  • Раззаков көчөсү: Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки тилке;
  • Орозбеков көчөсү: Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки тилке;
  • Эски аянт: Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки аймак;

Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын айланасы: иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет.

Мындан тышкары, Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Бишкек шаарындагы филиалынын айланасында жарманкеге келчүлөргө атайын унаа токтотуучу жай уюштурулат (эски ТИМнин имараты).

Блок YouTube

Убактылуу чектөөлөр иш-чараларды уюшкандыкта өткөрүү, катышуучулардын жана коноктордун коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле көргөзмө-жарманке өтүүчү аймакта тиешелүү шарттарды түзүү максатында киргизилет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18