USD87.45EUR95.92RUB1.06
24.kg

9-декабрдан тарта Кыргызстанда мопед жана скутерлерди каттоо башталат

10:36, 27 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

9-декабрдан тарта Кыргызстанда мопед, скутерлер, мотороллер, электроскутерлер жана ушул сыяктуу транспорт каражаттарын мамлекеттик каттоого милдеттүү болот. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Өзгөртүүлөр 2026-жылдын 5-июнундагы № 81 мыйзамда каралган. Мопедди башкаруу үчүн А1 категориясындагы айдоочулук күбөлүк талап кылынат.

Бензин кыймылдаткычы бар мопеддерге кыймылдаткычынын көлөмү 50 куб сантиметрден ашпаган транспорт каражаттары кирет.

Блок YouTube

Ведомствонун маалыматы боюнча, 2026-жылдын алгачкы он айында Бишкекте мотоциклдердин, скутерлердин, самокаттардын жана электровелосипеддердин катышуусунда 372 жол кырсыгы катталган. Кырсыктардан 19 адам каза болуп, дагы 379 киши жаракат алган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18