USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

600 миң сомго жакын айып пул: Чүй облусунда мигранттар текшерилди

11:03, 14 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Чүй облусунда Кыргызстандын миграциялык мыйзамдарын бузган 86 чет элдик жаран аныкталды. Жалпысынан аларга 582,5 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынан (ИИББ) билдиришти.

Эреже бузуулар 1-октябрдан 10-октябрга чейин созулган «Мыйзамсыз мигрант-2026» оперативдүү-профилактикалык иш-чарасынын «Нелегал-Кордон» деп аталган экинчи этабынын жүрүшүндө белгилүү болду.

Чүй облустук ИИББдин кызматкерлери Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) облустук башкармалыгынын өкүлдөрү менен биргеликте чет өлкөлүктөрдү жумушка тарткан 18 уюмду текшеришти.

HTML/iframe блок

Милициянын маалыматы боюнча, 86 чет элдик жаран эмгек визаларынын аракеттенүү мөөнөтүн ашырып жиберишкен.

ИИББден чет элдик жарандардын эмгегин колдонгон уюмдарды текшерүү мындан ары да улантыларын кабарлашты.

Милиция эреже бузгандардын кайсы өлкөнүн жарандары экенин, текшерилген компаниялардын аталыштарын жана чет өлкөлүктөрдү өлкөдөн чыгаруу мүмкүнчүлүгү тууралуу маалыматты ачыктаган жок.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18