Бишкек мэриясы метро куруунун техникалык-экономикалык негиздемесин (ТЭН) иштеп чыгууну башташы мүмкүн. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев «Эгемендүүлүк доорундагы Бишкек шаарынын өнүгүшү: жетишкендиктер, чакырыктар жана келечек» аттуу илимий-практикалык конференцияда транспорттун мындай түрүн кароо сунушуна комментарий берип жатып билдирди.
Анын айтымында, муниципалитет бул сунуштарды эске алууну жана долбоорду иштеп чыгууну баштоону көздөп жатат.
«Кыязы, биз бул маселени иштеп чыгууну баштап, күн тартибине коебуз. Техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгабыз. Геологияны изилдеп чыгуу сунушталды», — деди шаар башчысы.
Ал метро маселеси буга чейин да күн тартибинен түшпөгөнүн белгиледи.
«Эгерде бүгүн бизде Техникалык-экономикалык негиздемеси болуп, инвесторлор табылса жана долбоордун схемасы даяр болсо, биз метро курууга да даярбыз».
Айбек Жунушалиев