Бишкек эки жылда 1 миллиард доллардан ашык инвестиция тартты
Бишкекте 2-октябрда «Эгемендүүлүк доорундагы Бишкек шаарынын өнүгүшү: жетишкендиктер, чакырыктар жана келечек» аттуу илимий-практикалык конференция өтүүдө. Иш-чараны борбор калаанын мэриясы жана Бишкек шаардык кеңеши уюштурду.
Конференцияда сүйлөгөн сөзүндө Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев акыркы эки жылда мэриянын инвестициялык портфели 1 миллиард доллардан ашканын билдирди.

«Биз ар бир долбоор үчүн жоопкерчиликтүүбүз жана эл алдында отчет беришибиз керек. Бүгүн канча инвестиция келгенин жана алар кайсы максаттарга багытталганын айта алабыз», — деди мэр.
Айбек Жунушалиев негизги багыттардын бири катары таштандыларды кайра иштетүүнү атады. Анын айтымында, Бишкекте күнүнө 1,2 миң тоннага чейин таштандыны кайра иштетип, электр энергиясын иштеп чыгуучу завод курулган. Жалпысынан 323 миң тонна калдык зыянсыздандырылган. Шаар баасы 230 миллион доллар болгон долбоордун экинчи этабына киришип жатат. Анын алкагында таштандыларды кайра иштетүүнү андан ары өнүктүрүү, анын ичинде курулуш материалдарын чыгаруу пландалууда.
Мэр энергетика маселесине да өзүнчө токтолду. Анын айтымында, шаар Бишкек ЖЭБин модернизациялоону жана анын кубаттуулугун 500 мегаваттка чейин жогорулатууну пландап жатат. ошондой эле кубаттуулугу 90 мегаватт болгон жаңы объекттин курулушу каралууда.
Шаардык бюджет тууралуу айтып жатып, Жунушалиев 2021-жылы ал 10,8 миллиард сомду түзгөнүн белгиледи. Бул жылы бюджеттин кирешеси 10,6 пайызга же 1,9 миллиард сомго өстү. Салыктык түшүүлөр 6,7 пайызга көбөйгөн.
Конференция Бишкектин эгемендүүлүк жылдарындагы өнүгүүсүнө, жетишилген жыйынтыктарга, учурдагы чакырыктарга жана борбор калаанын келечегине арналган.