USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

150 миң долларлык калп, бийликти басып алуу чакырыгы. Сыргак Кенжебаев кармалды

11:18, 13 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанга 150 миң долларлык алдамчылыкка жана бийликти кийин басып алуу менен коштолуучу массалык башаламандыктарга чакырган деп шектелип жаткан ишкер Сыргак Кенжебаев алып келинди. Жаран чет мамлекеттин аймагынан кармалган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, буга чейин Кенжебаев биргелешкен ишкердик иш-мерчемди шылтоологон алдамчылык жол менен жаран М. Н. га таандык 150 миң долларды ээлеп алган. Ошондон кийин ага издөө жарыяланган.

ИИМден ырасташкандай, Кыргызстандын аймагынан тышкары жүрүп жана кылмыш жоопкерчилигинен жашынып, ишкер интернетте чагымчыл мүнөздөгү материалдарды жарыялай баштаган. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал митингдерди өткөрүүгө, массалык башаламандыктарга жана кийин бийликти басып алууга чакырган.

да.png

Аталган факт боюнча ИИМдин Тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренеси жана 278-беренесинин 1-бөлүгү боюнча кылмыш ишин козгогон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Кенжебаев чет өлкөдөн кармалып, Кыргызстанга алып келинди. Ал КР Кылмыш-процесстик кодексинин 96-беренесинин тартибинде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Блок YouTube

Эскерте кетсек, Сыргак Кенжебаев буга чейин да кылмыш иши козголгон. 2019-жылдын декабрында ал 350 миң долларлык алдамчылыкка шектелип кармалган.

2026-жылдын августунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ширин Айтматованын мурдагы жубайы болуп саналган ишкер президент Садыр Жапаровдун айланасындагыларга карата чукул айыптоолорду айтып чыккан. Сентябрь айында ал Камбоджанын аймагында кыргызстандык күч түзүмдөрү тарабынан кармоо аракети болгонун билдирген.

Бул ирет Кенжебаев дал кайсы өлкөдө кармалганын ИИМ тактаган жок.

Тергөө уланууда

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18