Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө 200 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу Каржы министри Адылбек Касымалиев «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын отурумунда билдирди.
Айтымына караганда, 2019-жылы аймактарды өнүктүрүү үчүн 2 миллиард сом каралат.
«Ошондой эле, 100 миллион сом айыл өкмөттөрдү стимулдаштырууга каралган. Бул каражаттарды алуу боюнча атайын талаптар бар», — деди ал.