16:34
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Жемкорлукка каршы күрөшүү боюнча эсепке 478,5 миллион топтолду

3-июлдан 23-октябрга чейин жемкорлукка каршы күрөшүү боюнча бирдиктүү депозиттик эсепке 478 миллион 626,9 миң сом келип түштү. Бул тууралуу Каржы министрлиги борбордук казынага шилтеме берип билдирди.

Маалыматка караганда, каражаттардын басымдуу бөлүгүн экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызмат которгон. Алар 190 миллион 795,7 миң сом төгүштү.

Улуттук коопсуздук комитети 159 миллион 64,7 миң сом, Башкы прокуратура 127 миллион 536,3 миң, ИИМ 1 миллион 230, 1 миң сом которду.

Белгилей кетсек, аталган эсеп июнь айында өкмөттун токтому менен ачылган. Ага укук коргоо, фискалдык органдар экономикалык кылмыштардан түшкөн акчаларды которушат. 

Эң көп окулган жаңылыктар