Улуттук банк өз кызматкерлеринин турак-жай ссудаларын мыйзамсыз алып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Гүлшат Асылбаева билдирди.
Айтымында, Улуттук банк турак-жай ссудаларын өз кызматкерлерине берип, кандайдыр бир убакыттан кийин аны алып алууда.
«Мыйзамда турак-жай ссудаларын алып алуу каралган эмес, бул мыйзамсыз деп эсептелет. Эмнеге Улуттук банк мындай ыйгарым укуктарды алып алган? Мындан тышкары алынбаган кирешени эсептеп чыкса болот», -деди депутат.