16:49
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Банкты банкротко учураткандар кимдер? Депутат жооп берди

Бир канча киши насыя алып, бирок банктарды банкротко учуратып аны төлөбөй коюшкан. Алар бул кылыгандары үчүн жаза дагы алышкан эмес. Бул тууралуу экономика жана фискалдык саясат боюнча комитеттин отурумунда депутат Эльвира Сурабалдиева билдирди.

Айтымында, бул иш 90-жылдары болгон. 3 киши 500 миң доллардан жылына 5 пайыздык үстөгү менен насыя алышкан. Ал кезде ишкерлер насыяны жылына 30-40 пайыздык үстөгү менен ала алышчу. Алар акчаны «Курулуш» банкынан мамлекеттин кепилдиги менен алышкан. Ишкерлер алган акчасын банкка кайтарышкан эмес, мындан улам банк банкротко учураган.

Эльвира Сурабалдиева Улуттук банктын төрагасынан насыя алган кишилер ким болгондугун сурады. Толкунбек Абдыгулов ал кезде студент болгондугун жана ал кишилерди тааныбай тургандыгын айтты.

«Анда ал ысымдарды өзүм атайм. Алар Игорь Гусаров, Данияр Үсөнов жана Дмитрий Воробьев болгон. Алар канча сумманы алышкан, расмий түрдө кат түрүндө жооп күтөм. Алар мамлекетти «сатып кетишти», бирок эч кандай жаза өтөшкөн жок», -деди депутат.

Эң көп окулган жаңылыктар