12:40
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Тажикстанда быйыл 17 банк кызматкери жоопкерчиликке тартылды

Тажикстандын Улуттук банкы өлкөдө быйыл 17 банк кызматкери жоопкерчиликке тартылганын билдирди. Алардын көбүнө насыя документтерин жасалмалоо жана банк акчаларын уурдоо айыптары тагылган.

Улуттук банктын насыялоо бөлүмүнүн жетекчиси Навруз Валиевдин айтымында, айыпталуучулардын 14ү «Агроинвестбанктын» Согди облусундагы өкүлчүлүгүнүн мурдагы кызматкерлери.

Мындан тышкары «Имон Интернешнл» насыя уюмунун бир жумушчусу өлкөдө тыюу салынган партия өкүлдөрүнүн акчаларына байланыштуу мыйзамсыз операцияларды жасаган деп айыпталып, ага каршы экстремизмге чакыруу беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле «Эсхат банкынын» төрт кызматкери маңзат аткезчилиги менен алектенген адамдарга жардам берген деп айыпталган. Банктын жетекчилиги бул айыптоолорду негизсиз деп атоодо. Анын айтымында, банк кызматкерлери кардарлардын акчаларын которуп гана берет, алардын кандай жол менен табылганын билишпейт.

Учурда укук коргоо органдары бул фактылар боюнча тергөө иштерин улантышууда.

Эң көп окулган жаңылыктар