09:43
USD 87.02
EUR 95.29
RUB 1.05

Архитектура башкармалыгы- Турак жай-коммуналдык чарба агенттигине кайтарылды

«Бишкек шаарынын архитектура жана шаар курулуш башкы башкармалыгы» мамлекеттик ишканасы  Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин карамагына кайтарылып берилди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Учурда «Бишкек шаарынын архитектура жана шаар курулуш башкы башкармалыгы» мамлекеттик ишканасынын базасында түзүлгөн «Бишкек шаардык архитектура башкы башкармалыгы» МИ ишинде эки багыт: шаар аймагындагы архитектуралык-курулуш ишмердүүлүгү жаатындагы саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдын аймактык түзүмү аткарчу саясат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы катары мэриянын жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана шаарды жасалгалоо боюнча түз функционалдык милдеттенмелери аралашып калган.

Мэрия шаардык көчөлөрдү, парктарды жана скверлерди жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана жасалгалоо боюнча долбоордук иштерди аткаруу үчүн, архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик органдын катышуусуз, Бишкек шаарынын аймагындагы архитектуралык-шаар куруу ишмердүүлүгү жаатындагы бирдиктүү саясатты жүргүзүүчү муниципалдык долбоордук мастерскойду, же муниципалдык долбоордук институтту түзө алат.

Эң көп окулган жаңылыктар