05:09
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкек мэриясы 2 ири эс алуу жайын уюштурууну пландап жатат

Бишкек мэриясы 2 ири эс алуу жайын уюштурууну пландап жатат. Бул тууралуу муниципалитеттин жыйынында вице-мэр Бакытбек Дүйшембиев айтып чыкты.

Анын берген маалыматына караганда, жашыл аймактар шаардын түштүк жана түндүк бөлүгүндө уюштурулат.

«Турак жай коммуналдык чарбасы кызматы шаардын калк жыш жайгашкан аймактарында гүлбактарды куруп жатышат. Бирок, дагы ири эч алуу жайларын куруш керек», -деди ал.

Жашыл аймактар Түштүк дарбазада жана Боталиев көчөсүндө орун алмакчы.

Эң көп окулган жаңылыктар