02:48
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Өзбек-кыргыз чек арасындагы эки талаш аймак боюнча келишим түзүлдү

Өзбекстан менен Кыргызстан чек арадагы эки талаш аймак боюнча бир чечимге келди. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди. 15-21-октябрда эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн жумушчу тобунун жыйыны өттү.

Жыйында Фергана өрөөнүндөгү эки аймактын чегин белгилешти.

Буга чейин Кыргызстан менен Өзбекстан дагы бир талаш аймак боюнча бир пикирге келгендиги маалымдалган. Бирок, кайсы жер экендиги ачык айтылган эмес.

Кыргыз-өзбек чек арасынын жалпы узундугу 1378 километр. Анын 1100 километри аныкталды.

Эң көп окулган жаңылыктар