12:00
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Депутат жол кырсыгына кабылды. Кесепетинен энеси каза болду

Жогорку Кеңештин депутаты Нодирбек Каримов жол кырсыгына кабылып, жубайы экөө оор жаракат менен ооруканага түштү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, унааны депутат башкарып келе жаткан. Ал рулга ээ боло албай калып, кырсыкка учураган. Кесепетинен анын энеси окуя болгон жерде жан берди.

Билдирүүгө ылайык, депутат Жайыл районунан Бишкекти көздөй келе жаткан.

Эң көп окулган жаңылыктар