03:09
USD 89.11
EUR 94.62
RUB 0.95

Чолпон-Ата шаарында турак үйдөн өрт чыкты

Ысык-Көл облусуна караштуу Чолпон-Ата шаарынын Байтик баатыр көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өрттүн кесепетинен үйдүн 700 чарчы метр чатыры, тиричилик буюмдары жана 2 куб отун күйгөн. Адамдар жабыркаган жок.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби