Поезд каттамдарынын коопсуздугун камсыздоо максатында эртең Бишкек-Торугарт унаа жолунун 115-чакырымында жардыруу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргызтемиржолу» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган жол саат 11:00дөн 15-00гө чейин толугу менен жабылат.
Ысык-Көл тарапка баруучу унаалар айланып өтүүчү жол аркылуу өткөрүлөт.