09:42
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

УКМК Икрамжан Илмияновго издөө жарыялады

УКМК Икрамжан Илмияновго издөө жарыялады. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Мурдакы президенттин кеңешчиси июнь айында Кыргызстандан чыгып кеткендиги айтылууда.

Белгилей кетсек, кечээ Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновду камакка алуу чечимин чыгарды. Ага жемкорлук беренеси менен сырттан айып тагылды.

УКМКнын билдирүүсүндө, Икрамжан Илмиянов президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болгон кезде жеке ишкерден 150 миң доллар пара алган.

 
Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума