13:31
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Чүйдөгү жол кырсыгынын кесепетинен 5 киши ооруканага жеткирилди

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Новопавловка айылында болгон жол кырсыгынын кесепетинен 5 киши ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Чүй ИИББдан билдиришти.

Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, аталган кырсык 17-октябрдан 18-октябрга караган түнү болгон.

Ооруканага жеткирилген жабырлануучулардын тизмеси:
— 1992-жылы туулган М.Азизбек, Бишкек шаарынын тургуну. Ал баш сөөгүнөн жана денесинен жаракат алып, баш мээси чайкалган;
— 1962-жылы туулган У.Айгүл, Бишкек шаарынын тургуну. Денесинен жаракат алган;
— 1992-жылы туулган А.Зарема, Бишкек шаарынын тургуну. Денесинен жаракат алган;
— 2015-жылы туулган А.Дария, Бишкек шаарынын тургуну. Денесинен жаракат алган;
— 2017-жылы туулган А.Минур, Бишкек шаарынын тургуну. Жабыркаган эмес.


Эң көп окулган жаңылыктар