Бишкектеги ишканалардын биринен өрт чыгып, кесепетинен адам өмүрү кыйылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кароолчунун эс алуу бөлмөсүнүн ичинен кийим-кече, үстөл, килем, жыгач терезе күйүп кеткен. Кырсык болгон жерде 1963-жылы туулган К.Р. аттуу киши түтүнгө ууланып каза болгон.
Өрттүн чыгышына электр жабдууларын куроодо эрежелердин бузулушу себеп болушу мүмкүн.