14:18
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Суроо-жооп. Ислам кайсы учурда жасалма жол менен балалуу болууга уруксат берет

24.kg агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Үй-бүлө курганыбызга бир топ жыл болду. Бирок, балалуу боло албай жүрөбүз. Жасалма жол менен боюна болтуруу динге каршы келбейби?

Жооп: Эгер жасалма жол менен түйүлдүктү өстүрүүдө күйөөсү менен аялынын жумуртка клеткалары колдонулса, анда дин ага макул. Мында түйүлдүк жасалма жол менен банкада эмес, аялдын өзүнүн жатынында өстүрүлүшү керек. Аялдын боюна бүтүрүү үчүн донордук сперманы колдонууга дагы болбойт.

А эгер башка эркектин, же аялдын жумуртка клеткалары колдонулса ага тыюу салынат. Андан тышкары, сурогаттык эненин, же баласын башка жатында чоңойтууга дагы дин каршы. Ал аял эркектин үчүнчү, же төртүнчү аялы болсо дагы, ага башка бирөөнүн баласын төрөөгө болбойт. Ислам бала менен эненин бир бүтүндүгүн колдойт.

Эң көп окулган жаңылыктар