Ош шаарында Н. Куренкеев атындагы музыкалык окуу жайдын имаратында өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн 16-октябрда саат 01:00 чамасында Ош шаарынын Ленин көчөсү № 198 дарегиндеги Н. Куренкеев атындагы музыкалык окуу жайдын имаратында өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылган. Кесепетинен имараттын болжол менен 80 чарчы метр аянты, музыкалык аспаптар, отургучтар жана курулуш материалдары күйгөн.