07:52
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Айдоочу улгайган жаранды өлтүрө сүзүп кетти

Бишкекте Toyota Camry үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жашы өтүп калган жаранды өлтүрө сүзүп кетти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ШИИББдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Байтик Баатыр көчөсү менен унаа айдап бара жаткан кыз жолдон өтүп бараткан кишини сүзүп алган.

«Унаа айып пул төлөөчү жайга киргизилди, ал эми күнөөлүү аял кармалды. Каза болгон жарандын өздүгү аныкталды», -деп жазылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар