06:34
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Ош облусунда жол кырсыгы катталып, кесепетинен 15 киши жабыркады

Ош облусунда жол кырсыгы катталып, кесепетинен 15 киши жабыркады. Бул тууралуу Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Өзгөн районунун Кароол айыл аймагынын Шералы айылында болгон.

Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү кичи автобустун айдоочусу Мырзаке айылында жүргүнчүлөрдү ташып бара жатып, каршы багыттагы Фольскваген Поло үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшүп кеткен. Кесепетинен эки унаанын айдоочулары жана жүргүнчүлөр ар кандай жаракаттарды алышкан.



Эң көп окулган жаңылыктар