Айдоочу унаадан түшүп, сынып калган тетикти оңдоо үчүн дөңгөлөктүн астына таш коюп жаткан.
«Кырсык 13-октябрдан 14үнө караган түнү болгон. Унаа жүрүп кетип, айдоочуну 30 метрге чейин сүйрөп кеткен. Алган жаракатынан улам жабырлануучу ооруканада көз жумду. Окуя кырсык катары катталды», -деп билдиришти ОИИБдан.