11:25
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Өзбекстанда автоунаадан ыргытылган таштанды үчүн айыппул көбөйтүлдү

Өзбекстанда автоунаадан жана коомдук транспорттон таштанды ыргыткандарга айыппул эки эсеге жогорулатылды.

Тиешелүү өзгөртүүлөр Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодекске киргизилди.

Жаңы тартипке ылайык, автотранспорт каражаттарынан, шаардык жүргүнчү транспортторунан, вагондордон таштанды ыргыткандар болжол менен беш долларга чейин айып пул төлөшөт. Бул эреже 2019-жылдын 11-январынан тарта күчүнө кирет.

Расмий маалыматтар боюнча 2017-жылы Ташкент облусунда жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузган 1394 учур катталган. Жалпысынан 133 миллион сум айыппул өндүрүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума