01:13
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргызстан эл аралык резервтерин жоготууда

2018-жылдын тогуз айында Кыргызстандын эл аралык резервинин көлөмү 85,85 миллион долларга азайды. Учурда ал 2 миллиард 90,64 миллион долларды түзөт. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдайт.

Өлкөнүн резерви сентябрь айында 37,2 миллион долларго кемиген. Бул Улуттук банктын доллардын наркын жөнгө салуу аракетине байланыштуу болду. Анда банк 19 миллион 650 миң доллар сатты.

Белгилей кетсек, жыл башында эл аралык резерв 2 миллиард 220,44 миллион сом болчу.

Эң көп окулган жаңылыктар