22:06
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Суроо-жооп: Исламда тордук маркетинг, акча пирамидасы тыюу салынган

24.kg агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Мени «Тянь-Ши» компаниясына жумушка чакырып жатышат. Ушундай жумуштарда иштөө динге туура келеби?

Жооп: Тордук маркетинг мусулмандар тарабынан тыюу салынган. Анткени:

— Тордук маркетинг сүткордуктун (риба) эки түрүн камтыйт. Алар — риба аль-фадль (бир эле түрдөгү бирок ар кандай сапаттагы товарларлы алмаштыруу) жана риба аль-насиа (узак мөөнөткө, бирок кымбат төлөмдөрдү талап кылат). Ага катышкандар кийин көп акча алуу үчүн алгач бир өлчөмдө акчаны коротот. Товар сатуу дагы ушул эле жолдо жүрөт.

2. Мындай өңүттөгү иштердин келечеги жана шарттары так болбогондуктан дин тыюу салат.

3. Компанияга кийин кошулган кызматкерлердин акчасы калыс эмес колдонулуп, киреше тең бөлүнбөйт. Куранда «Бири-бириңдин мүлкүңө арам жолдо көз артпай, соода жана макулдашуу менен гана алгыла» деген. (Сура «ан-Ниса», 4 / 29).

Эң көп окулган жаңылыктар