14:43
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Тогуз-Тородогу башаламандыкта кармалган 21 кишинин иши сотко ашты

Тогуз-Торо районунда жаз айларында алтын кен иштетүүчү ЖЧК «Джи Эл Макмал Девелопинг» комбинатында болгон башаламандыктан кийин кармалган 21 кишинин иши сотко ашты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБсы билдирет.

Белгилей кетсек, жергиликтүү тургундар алтын чайкоо ишканасынын ишине каршы чыгып, аны жабууну талап кылышкан. Тогуз-Торо тургундары экология жана ден-соолукка зыян тийгизерин айтып, бир нече жолу митинг уюштурушкан. Акыркы митинг башаламандыкка айланып, комбинатты өрттөп жиберишкен.

Учурда массалык тартипсиздике катышкан 21 киши соттолууда. Аларга «Массалык тартипсиздиктер», «Бейбаштык», «Жерлерди өзү билип ээлөө же басып алуу», «Мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу» беренелери менен айып тагылууда.

Кылмыш иши боюнча 19 шектүү үй камагында. Алардын арасында Көк-Ийрим айыл аймагында жергиликтүү кенештин депутаты да бар. Дагы экөө камоодо.

7-октябрь күнү Тогуз-Торо районунун Атай айыл аймагынын жергиликтүү кеңештин төрагасы 1973-жылы туулган Ш.У. 2 айлык мөөнөткө камакка алынды.

Эң көп окулган жаңылыктар