04:06
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Кеңешбек Алмакүчүков музейдин ачылыш аземи качан боло турганын айта албайт

Тарых музейинин директору Кеңешбек Алмакүчүковго музейдин ачылыш аземи качан боло турганын айтууга тыюу салышкан. Бул тууралуу ал 24.kg агенттигине билдирди.

Айтымында, мунун себеби музейдин али ачылбагандыгына байланыштуу.

«Музей ачыла элек, биздин өзүбүзгө таандык басма сөз кызматыбыз жок. Баардык маалыматтарды Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен алсаңыздар болот», -деди директор.

Кошумчалай кетсек, 24.kg агенттигинин жеке булактарынын маалыматы боюнча, музейдин ачылышы создуктурулууда. Анткени, камсыздандыруучу тарап керектүү жабдыктардын баарын алып келген эмес.

Эске салсак, маалымат жыйындардын биринде Тарыхый-маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Чолпон Тентиева Тарых музей 30-августта ачылат деп билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар