24.kg агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.
Суроо: Намазды үйдө окугандын сообу көбүрөөкпү?
Жооп: Зейд ибн Сабиттин хадистерине Пайгамбар: «О, адамдар! Намазды үйүңөрдөн окугула. Фард намаздан башкасын үйдө окуган туура», — деп айткан. (Бухари, Азан, 81; Муслим, Мусафирин, 213).
Үйдө намаз окууга үндөө менен балдарга үлгү көрсөтүү максатын көздөйт.