20:13
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Экотехмаминспекциядагы жемкорлук фактысы аныкталды

Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын мурунку басма сөз катчысы Анара Мамбеталиеваны ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу чечим Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарын бузуу менен кабыл алынган. Бул тууралуу Анара Мамбеталиеванын кайрылуусунда келтирилген коррупциянын айрым фактыларын изилдөө боюнча түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу комиссиясы аныктады. 

Маалыматка ылайык, прокурордук жооп кылуу актысы Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына жөнөтүлдү.

Эске салсак, мурунку басма сөз катчы аталган инспекйияда жемкорлук бар экенин айтып чыккан. Анын мындай кадамга барышына кызматтан мыйзамсыз четтеп калгандыгы болгон. Президенттин Аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиевдин буйругу менен  ведомстволор аралык жумушчу комиссиясы түзүлгөн.

Экотехмаминспекциянын борбордук аппаратына жана территориалдык бөлүмдөрүнө сыйлыктарды жана материалдык жардам берүүнүн мыйзамдуулугу боюнча текшерүүнүн жүрүшүндө белгиленген укук актыларын бузуу менен эмгек акы төлөө фондунун үнөмдөлгөн бюджеттик каражаттардын эсебинен кызматкерлерге сыйлык ишинин жыйынтыктары үчүн сыйлоо иретинде эмес, майрамдык даталарга шилтеме жасалып, айлык акыга кошумча катары төлөнгөн.

Алсак, 2016-жылы майрамдык даталарга карата жалпы суммасы 5 178 936 сом сылык катары төлөнгөн. Ошол сыяктуу эле 2017-жылы жалпы суммасы 2 030 666 сом сыйлык катары төлөнгөн. Сыйлык жалпы суммасы — 7 209 602 сомду түзгөн.

Андан тышкары белгиленген укук актыларын бузуу менен эмгек акы төлөө фондунан үнөмдөлгөн бюджеттик каражаттардын эсебинен инспекциянын кызматкерлерине материалдык жардам катары 2016-жылы 1 224 507 сом, 2017-жылы 1 816 317 сом жана 2018-жылдын январь айынан 4-сентябрга чейин 584 867 сом бөлүнгөн. Баардыгы 3 625 691 сом.

Мындан тышкары Экотехмаминспекциянын финансылык-экономикалык башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери белгиленген талаптарды бузуп, кызматкерлердин айлык маянасын төлөп берүүдө өздүк карточка эсептерине маянанын өлчөмүнөн көп суммада каражат которулгандыгы жана ошол эле маалда кассадан накталай акча каражаттары берилгендиги текшерүүдө аныкталган.

2018-жылдын 1-сентябрына карата Экотехмаминспекциянын борбордук аппаратынын кызматкерлерине маянадан ашыкча төлөнгөн акча каражатынын көлөмү 396113 сомду түзгөн.

Экотехмаминспекциянын кассасынан белектерди сатып алуу үчүн 45 000 сом накталай акча каражаты мыйзамсыз берилип, ошондой эле белектерди алуу жана бөлүп берүү туурасындагы тастыктоочу документтер жок болуп чыккан.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамынын талаптары боюнча сыйлыктарды жана материалдык жардамдарды төлөөнүн мыйзамдары, өздүк форманы сатып алууда жана аны таркатууда бир катар мыйзам бузуулар аныкталган.

Эң көп окулган жаңылыктар