Канатбек Абдыкеримов Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Эске салсак, буга чейин аталган ишкананын башкы директору Алмазбек Ногойбаев ээлеген кызматынан бошотулган болчу.