Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолу маал-маалы менен жабылат
10:31, 01-октябрь 2018, Бишкек - 24.kg
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолу 1-октябрдан 19-октябрга чейин саат 9дан 15:00гө чейин маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу «НК «Кыргыз темир жолу» мекемесинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Боом капчыгайындагы 129-131-132-чакырымдарында атайлап таш кулатуу иштери жүргүзүлөт.
Кезек күткөн унаалардын саны 40ка жакын болуп калса, таш кулатуу иштери токтотулуп, унааларга жол берилет.