Борбордук шайлоо комиссиясы депутат Бахадыр Сулеймановдун кош жарандуулугун текшерет. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Боршайкомдун башчысынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди. .
Айтымында, документтер акыйкатчы Токон Мамытовдон келип түштү. «Биз ТИМге суроо жөнөттүк, эми жооп күтүп жатабыз. Эгерде депутат чынында эле Кытайдын жаранынын паспорту бар экени тастыкталса, мыйзамдык тартипте мандатынан ажыратылат», -деди Абдыжапар Бекматов.
Депутат өзү КЭРдин жарандыгын албагандыгын айтууда.