Кош жарандыгы бар деп айып тагылган «Республика -Ата Журт» фракциясынын депутаты Сагындык Келдибаев соттошуу ниетинде.
Ал мурунку депутат Ыргал Кадыралиеваны койгон айыбы үчүн сотко берип, 7 миллион сом төлөп берүүсүн талап кылууда.
Кадыр баркын жана беделин коргоо боюнча арызды Ленин райондук соту карайт. Аталган иш качан карала турганы азырынча белгисиз.
Эске салсак, 20-июнда депутат Ыргал Кадыралиева маалымат жыйынында депутат Сагындык Келдибаевдин кош жарандыгы бар деп айтып чыккан. Анын билдирүүсүнө караганда, депутат азыркыга чейин Орусиянын жараны катары каттоодо турат.