23:12
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

«Империя пиццы» кафесинде ок атуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Бишкек ШИИББнын кызматкеринин «Империя пиццы» кафесинде ок аткандыгы тууралуу факт боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек ШИИББнын жана Биринчи Май РИИБнын кызматкерлерине карата «Бейбаштык» , «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Эске салсак, криминалдык милициянын кызматкери Ахунбаевде жайгашкан кафенинин жанынан өзүнүн кесиптешине ок чыгарган. Жабырлануучу ооруканага жаткырылган.

Эң көп окулган жаңылыктар