Нарын облусуна караштуу Чаек-Кочкор унаа жолунун 105-чакырымында жол кырсыгы катталып, кесепетинен бир киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, «Ауди-100» унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, жолдун четине чыгып оодарылып калган.
Кесепетинен бир киши каза таап, дагы бирөө ар кандай жаракаттары менен ооруканага жеткирилди.