05:33
USD 89.11
EUR 94.62
RUB 0.95

Бишкекке дагы 5 жаңы троллейбус алынып келинди

Бишкекке дагы 5 жаңы троллейбус алынып келинди. Бул тууралуу 24.kg агенттигине вице-мэр Геннадий Милицкий билдирди. Маалыматка караганда, Бишкекке 52 троллейбустун 47си алынып келинди. Калган 5өө ушул айдын аягында келет.

«Троллейбустар арасындагы интервалды 10-12 мүнөткө кыскартууну коздөп жатабыз. Троллейбустардын бир бөлүгү каттамга чыгышты, бирок, жолдор оңдолуп жаткандыгына байланыштуу айрым маршруттар жабык. Бүгүнкү күндө 125 коомдук унаа жүрүп жатат. Иштер аяктаганда алардын саны 155ке жетет», -деди вице-мэр.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби