19:38
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Алмазбек Атамбаев бийликте кетирген кемчиликтерин мойнуна алып баштады

Мурдакы президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясынын 1-съездинин 25 жылдыгына карата партиялаштарына куттуктоо жолдоду. Аны партиянын маалымат кызматы таркатты.

Экс-президент партия элдин кызыкчылыгын коргоо менен адамдардын жыргалчылыгы үчүн иштеп, эркиндик жана адилеттүүлүк үчүн күрөшкөндүгүн айтат.

«Бул үчүн үй-бүлөлүк — кландык режимдер башкарган жылдары биздин партиялаштарыбыз ырайымсыз куугунтукка алынган, жумуштарынан айдалып, кордук көргөн. Далайы сабалып, бир топ партиялаштарыбыз курман болгон. Бирок зөөкүрлөр бизди коркутуп, сындыра алган жок! Буга 2005 жана 2010-жылдарда болгон эки элдик революция далил», — дейт ал.

Алмазбек Атамбаев партия үчүн тазалануунун жана жаңылануунун учурдагы этабы өзгөчө оор болуп жаткандыгын белгилейт.

Анткени бүгүнкү күндө биздин партиянын аркасы менен кызмат жана депутаттык мандат алгандар, партия тарабынан бийик мамлекеттик кызматтарга көрсөтүлгөндөр биздин партиябызга кол салып, КСДПны бөлгөнгө, жаманат кылганга бүт аракеттерин жумшап жатат!

Алмазбек Атамбаев

Мурдакы өлкө башчысы кетирген катачылыктардан жыйынтык чыгарып, «уйгактардан», мансапкорлордон, саткындардан тазаланып алууга чакырат.

Эң көп окулган жаңылыктар