00:56
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Алмазбек Атамбаев: Жээнбековду элпек достору опурталдуу жолго түртүп жатышат

«Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовду камакка алуу — бул коррупция менен күрөшүү эмес» — деп айтылат Алмазбек Атамбаев КСДП партиясынын маалымат кызматы таркаткан билдирүүсүндө.

Мурдакы президент, Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматов коррупция менен күрөштө айырмалангандыгын белгилейт.

Сапар Исаковдун өкмөтү ушул жылдын 4 айынын ичинде бюджеттин киреше бөлүгүнүн чыгаша бөлүгүнөн 5 миллиард сомго жогорулашын (профицит) камсыз кылды. Мындай көрсөткүчкө эгемендүү Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу жетишилди. Мында Исаков менен Кулматов коррупционерлерден тазалай баштаган бажы органдарынан түшкөн төлөмдөр негизги ролду ойноду.

Алмазбек Атамбаев

Алмазбек Атамбаев мурдакы өкмөт башчысы менен мурдакы Бишкек шаарынын мэринен «Раим-миллиондун» бийликтеги достору, колдоочулары өч алып жатканын айтат.

«ЖЭБди КЭРнын кредитинин эсебинен реконструкциялоо, анын ичинде подрядчикти кытай тараптын тандоосуна макулдук берүү, жана ошондой эле гранттык каражаттарды «Калыс Ордо» конушундагы мектептин курулушуна багыттоо жөнүндөгү чечимдер тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери менен ар тараптуу талкуулангандан кийин мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев жана өлкөнүн өкмөтү тарабынан кабыл алынган» — деп белгилейт ал.

Билдирүүдө Жалал-Абад шаарынын экс-мэри Салайдин Авазов жана Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев негизсиз куугуктукка алынып жаткандыгы айтылат.

«Коррупция менен күрөшүү деген кыйкырыктардын астында иш жүзүндө, өз пикири, өз позициясы барларга аңчылык башталды. Буга далил болуп, мисалы, өткөн 2017-жылдагы коррупция менен күрөшүүнүн алкагында, эч кандай куру кыйкырыгы жок эле бюджетке 9 миллиард сом кайтарылган болсо, ал эми бул жылдын көрсөткүчтөрү азырынча алда канча төмөн» — деп белгиленет.

Атамбаевдин пикиринде, Жемкорлук менен күрөшүү агентигинин азыркы директору сыяктуу элпек достору өлкө Президенти Сооронбай Жээнбековду опуртал жолго түртүп жатышат.

«Мен ага өзүнө мурун эскерткен элем, а ушул жылдын мартында дагы бир жолу өзүмдүн маалымат-жыйынымда айтканга аргасыз болдум. Кыргыз эли жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш иштеринин козголушунун чын себептерин эртедир, кечтир билет жана өз калыс баасын берет» — деп бүтүмдөйт мурдакы өлкө башчысы.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума