01:13
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Аскер институтунда 2-курстун курсанты каза болду

Аскер институтунда 2-курстун курсанты каза болду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жеке булактар билдирди.
 
Маалыматка караганда, курсант бүгүн эртең менен каза тапкан. Алдын ала алынган маалыматка ылайык, курсант өз өмүрүнө кол салып өрт өчүрүүгө колдонулуучу тепкичтен кулап кеткен.
 

Башкы штаб маалыматты тастыктады. Бирок, өз өмүрүнө кол салган дегенди четке какты. Алардын билдирүүсү боюнча, курсантты өзүн жоготуп койгон жеринен табышкан. Ал тез жардам келгенге чейин каза болуп калган.

Эң көп окулган жаңылыктар