07:12
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Абдил Сегизбаевды кылмыш жазасына тартуу талабы коюлду

УКМКнын мурдакы төрагасы Абдил Сегизбаев кылмыш жазасына тартылыш керек. Бул тууралуу 24.kg агенттигиндеги маалымат жыйында ИИМдин мурдакы орун басары Омурбек Эгембердиев билдирди.

Анын айтымында, «Эл үнү» жана «Элдик парламенттин» мүчөлөрүнө коюлган айыптар негизгиз болуп, атайын ойлоп табылган.

«Дастан Сарыгулов жана башкалардын иши боюнча мен бир нече саясатчылар, депутаттар, аткаминерлер менен жолуктум. Баары бир ооздон саясый буйрутма деп айтып жатышты. Абдил Сегизбаев эч бир далил жок, кылмышты ойлоп таап, абройлуу кишилерди камады. Ал кызмат абалынан пайдаланып, саясый буйрутманы ишке ашырды. Башкы прокуратура ага кылмыш ишин козгошу керек», — дейт ал.

«Эл үнү» жана «Элдик парламенттин» мүчөлөрү «Мамлекеттик бийликти күч менен басып алуу айыбы менен» төрт жылдан 20 жылга камалышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар