13:51
USD 69.33
EUR 79.37
RUB 1.05

Базардагы өрт шишкебекчилердин күнөөсүнөн улам келип чыгышы мүмкүн

Каракол шаарындагы базардын өрттөнүшү боюнча өрт-техникалык экспертиза дайындалды. Бул тууралуу маалымат жыйында ИИМдин тергөө кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Утемисов билдирди.

«Алдын ала алынган маалыматка караганда, кырсык электр зымдарынын кыска мөөнөттүү туташуусунан улам келип чыккан. Бирок, өрт шишкебекчилердин күнөөсүнөн улам келип чыгышы мүмкүн деген божомол дагы бар. Алар жумуштан кетип жатып отту жакшы өчүрүшкөн эмес», —деди Нурлан Утемисов.

Эске салсак, 18-сентябрда «Ак-Тилек» базарында өрт чыккан.

Эң көп окулган жаңылыктар