USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Мас абалында унаа айдаган түрк атташеси боюнча Түркиянын элчилигине нота жиберди

14:38, 17 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Мас абалында унаа айдаган түрк атташеси боюнча Түркиянын элчилигине нота жиберилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик протоколдор департаментинин жетекчиси  Рустам Кошонов журналисттерге билдирди.

«Окуя кайра кайталанбашы үчүн, Түркиянын Кыргызстандагы элчилигине нота жиберилди. Элчиликтин кызматкерин чакырып алуу бул Түркия мамлекетинин ички маселеси», — деди Рустам Кошонов.

Эске салсак, 12-сентябрда Түркия элчилигинин кызматкери Каражан Эркан мас абалында унаа башкарып бара жатканда, тартип сакчылары тарабынан токтотулган.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика