16:06
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Мас абалында унаа башкарып бара жаткан түрк элчилигинин атташеси кармалды

Бишкекте мас абалында унаа башкарып бара жаткан түрк элчилигинин атташеси кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ШИИББ тастыктады.

Маалыматка караганда, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлору унааны айдап бара жаткан чет элдик айдоочуну токтотушкан. Ал түрк элчилигинин атташеси Каражан Эркан болуп чыкты. Элчилик бул боюнча түшүндүрмө бере элек.

Унаа айып пул токтотуучу жайга алынып келинди.

Эң көп окулган жаңылыктар